Кыргыз эстрадасындагы жаш ырчы Айыма Айылчиева Алматы шаарында казакстандык “Ордо” тобунун жеке концертинде өнөрүн көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчынын менеджери Мирзада Майчинова бүгүн, 23-мартта билдирди.
“Айыма бизди концерттин алдында убайымга салды. Үн байламтасын үзүп алып ооруканага түшүп, бир түн тамчылатма дары кабыл алды. Эртеси концертке катышарын билдирди. Тырышчаак, көк бет кызды бул оюнан кайтаруу мүмкүн эмес эле. Казакстандын чоң сахнасында биринчи жолу өнөрүн көрсөткөн Айыманы көрүүчүлөр жакшы колдоп тосуп алышты. Анын жаратып жаткан ийгилигине ата-энеси, достору бирге кубанып жатабыз”,- деди толкунданган М.Майчинова.