"Алыкул" коомдук фонду тарабынан демилгеленип, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлгөн бул иш-чарага министр А.Максүтов, акындар, коомдук ишмерлер, окуучулар, студенттер катышты.
Куран окулгандан кийин акындын ар мезгилде жазылган ырлары көркөм окулуп, 100 жылдыкты белгилөө иш-чаралары тууралуу айтылды. "Ала-Арчадан" кийин Алыкулдун Бишкектин Сокулук көчөсүндө жайгашкан үй-музейи менен таанышуу болду. Үй-музейде акындын сүрөттөрү, замандаштарынын кол жазмалары, ырлары, китептери, Алыкулга арналган эмгектер коюлган.
Фонддун жетекчиси, жазуучу Памирбек Казыбаевдин айтымында, кыргыз адабиятынын, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгын тереңден изилдөө иштери алдыда. Акындын "сөөгүм көл жээгине коюлса" деген осуяты аткарылбаса да, көл жээгине айкелин орнотуу, чыгармаларын кайрадан басып чыгаруу, орус тилине которулган чыгармаларын кайрадан карап чыгуу маселелери актуалдуу экенин белгиледи.