25-мартта КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиевдин депутаттардын эл менен жолугушуу жумалыгынын алкагында Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын эмгек жамааты менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын жамааты негизинен имараттын өзүн театрдын балансына өткөрүү, эмгек акыны жогорулатуу, актёрлордун үй менен камсыз болушуна ипотеканын ыңгайлуу шарттарын түзүү маселелерин көтөрүштү. Депутат бардык айтылган көйгөйлөр Жогорку Кеңештин жыйынында айтыларын билдирип, андан тышкары театр имаратын оңдоого 15 миллион сом бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди.