Бабур атындагы жана “Туңгуч” театрларынын актёрлору “Тынчтык жана мээримдүүлүк кербени” деген ураан алдында өлкөнүн түштүк тарабына гастролго чыгуу алдында турушат. Бул тууралуу депутаттардын эл менен жолугушуу жумалыгынын алкагында театрдын ишмердүүлүгү менен таанышууга келишкен бийлик өкүлдөрүнө Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди.
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 26-мартта билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Султанбаев катышты.
Ошондой эле “Туңгуч” театрынын жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова негизинен өз демилгеси, аракети менен ачылган театр студиясында учурда балдар окуп, аларга сахна кеби, режиссура, пластика багытында атайын мугалимдер сабак берип жатышканын кабарлады.