Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору экспонаттарды тийиштүү деңгээлде сактоого шарт жоктугун айтты

Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев музей экспонаттарын тийиштүү деңгээлде сактоо үчүн керектүү шарттардын жок экенин билдирди. Мындай пикирин ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл менен жолугушуу жумалыгынын алкагында музейге келген депутат Каныбек Осмоналиев, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Абдыкадыр Султанбаев жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиевге айтты. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Директордун айтымында, туруктуу температураны кармап туруучу жабдыктар, жарык берүүчү, видеобайкоо жүргүзүүчү аппаратуранын өксүктүгүнөн көчмө көргөзмөлөрдү, чет элдик көргөзмөлөрдү уюштуруу жагы ишке ашпайт. Мындан тышкары Көркөм сүрөт музейлеринин ичинен Орто Азия боюнча биринчи турган музей имараты учурда оңдоо иштерине муктаж. Айрым залдардын шыбын алмаштыруу керек. 

Депутат К.Осмоналиев буга керектелүүчү 25 миллион сом акча каражатын бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөрүн белгиледи. Ошондой эле бардык айтылган маселелер Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлөрүн белгилеп, керектүү колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан