"Түрксой" уюмунун "Нооруз-2015" майрамын салтанаттуу белгилөө иш-чарасы быйыл биринчи жолу Франция, Германия жана Австрия мамлекеттеринде өтүп жатат. Кыргыз жеринен аталган фестивалга ырчылар Азамат Сарыбаев, Токтобек Асаналиев жана Салима Балтаева, кыргыз бийчилери катышып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Азамат Сарыбаев бүгүн, 26-мартта билдирди.
Анын айтымында, Нооруз майрамы биринчи Франциянын борбору Париж шаарында майрамдалды. Бүгүн, 26-мартта Германияда, эртең Австрияда өзгөчө шаң менен белгиленет.
Фестивалга Кыргыз Республикасы, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Молдова, Кытай Эл Республикасы, Иран, Орусия Федерациясынын Алтай, Башкортостан, Хакасия, Татарстан, Саха жана Карачай-Черкес Республикасынын чыгармачыл инсандары катышып жатышат.
Аземдин жүрүшүндө аталган европалык мамлекеттердин жарандары жазгы майрамга байланышкан уникалдуу каада-салттарга жана өнөрпоздордун кайталангыс концерттик программасына күбө болушууда. Салтанатка ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова, "Түрксой" уюмуна кирген мамлекеттердин маданият министрлери катышууда.
Иш-чара Нооруз майрамын жана ЮНЕСКОнун 70 жылдыгын белилөө максатында өтүүдө. Бул майрамды белгилөөгө Түркия жана "Түрксой" уюмуна кирген мамлекеттердин өкмөттөрү, Юнус Эмре институту көмөк көрсөтүшүүдө.