Бүгүн, 27-мартта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында Эл аралык театр күнүнө арналган маданий иш-чара өтөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Майрамдык кечеге КРнын Вице-премьер-министри Д.Ниязалиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, бардык театр жамааттары, театр сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө мыкты театрлар аныкталып, “Эргүү” деген аталыштагы статуэтка ыйгарылат. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан демилгеленген сыйлыкка татыктуулар 50 адамдан турган театр ишмерлеринин комиссиясынын жашыруун добуш берүүсү менен аныкталат.
Сыйлык 12 номинация боюнча берилет. Кеченин концерттик бөлүгүндө актёрлордун катышуусу менен даярдалган "капустниктер" жана ири программадагы концерт тартууланат. Жыйынтыгы менен мыкты "капустниктер" аныкталып, сыйлыктар ыйгарылат. Мындан тышкары театр багытында эмгектенип өзгөчөлөнө алган инсандар министрликтин атайын сыйлыгына ээ болушат.
27-мартты Эл аралык театр күнү катары белгилөө чечими 1961-жылы Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган.