26-мартта Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексинде "Элечек" долбоорунун көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, аталган долбоор 2013-жылы "Кристенсен" фондунун колдоосу менен ишке ашкан. Көргөзмөгө салттуу элечекти ороо ыкмаларын билген апалардын жана долбоордун тобунун реконструкцияланган элечектери коюлду.
Аземди ачуу салтанатында 93 жаштагы Сулуу Монуева, Насипа Мамасариева, Мария Тургунбаева аттуу апалар элечекти ороо ыкмасын көрсөтүп беришти.
"Миң-Кыял" коомдук фонду "Туруктуу өнүгүү институту" коомдук фондунун колдоосу, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте «Кыргыз улуттук баш кийимдери: калпак жана элечекти жасоо өнөрү» аттуу номинацияны ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүүгө даярдоодо.