"2013-жылдын супер ырчы айымы" Чолпонайдын "Мырзага" аттуу ырынын клиби жарык көрдү

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2013-жылдын супер ырчы айымы" Чолпонайдын "Мырзага" аттуу рэп жанрындагы ырынын клиби жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 27-мартта билдирди.
Маалым болгондой, аталган чыгарманын сөзү рэп ырчысы Бегиштин калемине, обону Чолпонайдын өзүнө таандык. 
"Мен "Супер-Инфо" гезитинин гимнин ырдап чыккандан бери репертуарым рэп жанрындагы ырлар менен толуктала баштады. Сахналаш досторум, күйөрмандарым рэп аткарганымды жактырып жатышат. "Мырзага" аттуу ырды жазып берген Бегиш да "бул чыгарманы сен ырдап чыксаң жарашат" деп мага сунуштады. 
Ырдын сөзү купулума толуп, обонун жаратып, ырдап чыктым. Жакшы чыгарманы клип көркүнө чыгарат эмеспи, андыктан клип тартууга кириштик. Атайын павильонду ижарага алып, ошол жактан тарттык. Ижара акысы кымбат болгондуктан, бир күнгө алып, уктабай түнү бою тарттык. Бул менин чыгармачылыгымдагы өзгөчө клип десем болот. 
Көнүмүш сюжеттүү клиптен алыстап, максат кылып келген заманбап клиптердин бирин жараттык. Айрыкча мени менен бийлеп турган бий топтору, техникалык сапат клипке көрк берди. Алгачкылардан болуп клиптин үзүндүсүн көргөндөр жылуу сөздөрүн айтып кубантышууда",- деди Чолпонай.
Ырчы Чолпонайдын "We`ll be" менен "We next" бий топторунун өнөрпоздору коштогон эксклюзив клибин 28-мартка караган түнү SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.
Мырзага
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aselina_tt
2015-03-27 18:17:24
Айланайын азыр обончулар мн акындар толуп кеттиго.Эки создун башын эптеп бириктиришип алышып эле ыр чыгардым обон жазам дешет.Баягы эле женил желпи ырлардан болсо керекда кордум суйдум сагынам деген дежурный создорду колдонгон.
+2
kutkeldisulu
2015-03-27 18:56:03
чолпонайдын кийингени эч жакбайтда кичине озуно жарашыктуу кийинсе болотда бул менин жеке оюм.
+1
crishti_7
2015-03-27 20:43:24
Чолпанайды суйомго суйом. Красоткаго)
0
eldar96
2015-03-27 22:37:43
менимче убадалашып койгон жигити бар беле ушундай кийинтип коюп кантип эркек башын ойдо которуп журот кичине кызгануу деген болуш керек да
0
http
2015-03-27 23:40:54
eldar96, сонун болуп турбайбы мунун эмнеси жаман, азыр баары эле заманбап кийинип журушот. скромно и красиво одета. Молодец Чопа, я ждуууу Ваш клип
+1
i_am_simple
2015-04-13 18:19:46
eldar96,эмнесин коруп калдын,анчалык кызганчуу деле кийинбептирго,кийими бош эле болуп турбайбы,и ушул нерселерге макулболгон жигит убадалашкан болуш керек
0
Nurmiraminkush
2015-04-09 16:41:11
Биз таш кылымдагы клиптерге конуп калып, заманбап клиптерди кабыл ала албай жатабыз!?Азамат Чолпонай оркундой бер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан