Бүгүн, 28-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда далай популярдуу ырлардын автору, акын Кыялбек Урманбетовдун чыгармачылыгынын 45 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Кече ээсинин катышуусунда “Акырет алдында” аттуу поэмасынан үзүндү сахналаштырылып коюлуп, мындан соң концерттик программа башталды.
"Ыр дүйнө" аталышындагы кечеде Кыргыз Эл артисттери Керим Турапов, Гүлнур Сатылганова, КРнын Эмгек сиӊирген артисттери Асылбек Өзүбеков, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Султан Садыралиев, Гүлзинат Суранчиева, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркулов Кыялбек Урманбетовдун калемине таандык керемет чыгармаларды аткарышууда.