Бишкекте "Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2015" сынагы өтүп жатат

Бүгүн, 29-мартта Бишкектеги тойканалардын биринде “Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2015” сынагы өтүүдө. Ага 24 жаштан 52 жашка чейинки 30 айым катышып, өз таланттарын элге көрсөтүп жатышат.

Сынактын катышуучулары өзүн тааныштыруу, улуттук жана кече кийимдерин кийип көрктүү басуу тапшырмалары боюнча ат салышууда.

Катышуучулардын сулуулугун жана өнөрлөрүн КРнын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков, режиссёр Эрнест Абдыжапаров, актёр Азиз Мурадиллаев, ырчы Анжелика Бекболиева, дизайнер Замира Молдошева, “Супер-Инфо” гезитинин шеф-редактору Сүйүн Кулматова, “Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2014” сынагынын жеӊүүчүсү Наргиза Осмонова жана сулуулук жаатында иш алып барышкан инсандар баалашууда.

Бул сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын айтымында, жеңүүчү аталган айым Беларуста өтө турган “Дүйнөнүн сулуу айымы” сынагына жолдомо алат.

Бишкекте энелердин сулуулук сынагы өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sergo
2015-03-30 02:42:26
Азиз Мурадиллаевди обажаю просто прям кичинемден жакшы корчумун. Мен учун идеал мырза.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан