“Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2015” сынагында баш байгени 25 жаштагы Таңсулуу Өмүрзакова жеңип алды

Бүгүн, 29-мартта Бишкектеги тойканалардын биринде “Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2015” сынагы өткөрүлдү. Ага 24 жаштан 52 жашка чейинки 30 айым катышты.

Сынактын жүрүшүндө ажарлуу айымдар өзүн тааныштыруу, дизайнерлик, улуттук жана кече кийимдерин кийип көрктүү басуу тапшырмалары боюнча ат салышты.

Катышуучулардын сулуулугун жана өнөрлөрүн КРнын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков, режиссёр Эрнест Абдыжапаров, актёр Азиз Мурадиллаев, ырчы Анжелика Бекболиева, дизайнер Замира Молдошева, “Супер-Инфо” гезитинин шеф-редактору Сүйүн Кулматова, “Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2014” сынагынын жеӊүүчүсү Наргиза Осмонова жана сулуулук жаатында иш алып барышкан инсандар электен өткөрүштү.

Жыйынтыгында баш байге - “Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2015” наамы Таңсулуу Өмүрзаковага ыйгарылды. Таажыны “Кыргыз өлкөсүнүн сулуу айымы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Наргиза Осмонова кийгизди. Ошондой эле ага Беларуста өтө турган "Дүйнөнүн сулуу айымы" сынагына жолдомо тапшырылды.

Ал эми "Кыргыз өлкөсүнүн 1-вице сулуу айымы" наамы Мария Вавиловага, "Кыргыз өлкөсүнүн 2-вице сулуу айымы" наамы Аида Исатбек кызына, "Кыргыз өлкөсүнүн 3-вице сулуу айымы" наамы Лариса Цайга буюрду.

“25 жаштамын, жолдошум, 7 жаштагы кызым бар. Сынакта жеңишке жетем деп күткөн эмесмин. Эми мага ишенип тапшырылган жолдомо менен өлкөбүздүн намысын коргоп келем”,- деди толкунданган Таңсулуу Өмүрзакова.

Бишкекте энелердин сулуулук сынагы өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Bektur2
2015-03-30 11:29:18
Кыргызда сулуу кыздар толтура бирок катышуга кобунун ыйманы жол бербейт ыйманы жок атырайган кыздар шпаклевка чаптап алып чыга беришет.
+1
aikol87
2015-03-30 12:03:21
Бааары сулуу.
0
uran001
2015-03-30 12:03:47
Аял киши сулуулугун куйоосуно коргозсо жакшы болот эле, бардык аял заты сулуу негизи.Коп торогон аял сулуу менин аялыма окшоп)))
0
Munarka
2015-03-30 12:31:44
жакшынакай эже экен ийгилик дуйнонун сулуусу болсун!
-2
Shpionka
2015-03-30 12:44:37
бетинин бааары шпаклепка экен чындап
+1
kamal777
2015-03-30 12:48:04
Кыргыз кызы - алга!
+1
kani135
2015-03-30 12:55:34
Комментер силерге жыланачтар жагабы??? Сулуу эле айымдар!!! бул жерде жаш кыздар катышкан жок, баары 30 жаштан ойдолору.
-1
Bektur2
2015-03-30 13:59:38
kani135, Эн кичусу 25 жаштагы Таңсулуу Өмүрзакова жашырак болуп женип кеткен тура
0
Kanimika
2015-03-30 13:44:13
Супер инфо ушунун видеосун жуктоп куюунуздарчы суранам рахмат
0
admin_portal
2015-03-30 14:03:49
Kanimika, саламатсызбы!
Жакын арада биздин порталдын "Супер ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыз.
0
bikusim
2015-03-30 14:01:27
Сулуу деле эмес экенго. Жасанып таранып чыкканы ушундай булардын. Жасанбай чыкса кандай болмок экен.
+1
GULYA5555
2015-03-30 14:28:45
Жакшынакай еле озунорду гузгудон карап башкаларды айткылачы
-1
bom.bon
2015-03-30 15:59:58
Жузу сулуу деле рол ойнобойтда журум туруму озун тик тутуусу. Ар бир нерсени ойдогудай так аткаруусу деле сулуулука кирсе керекда темасына карап!
0
Dashi
2015-03-30 19:06:55
Байдын катындары зээригиптир да.Анжеликага эмне жок пффф
+5
Bektur2
2015-03-31 10:57:37
Dashi,Ошол байдын катындарына койнокторун прокатка берип акча таап журот да
+1
Pantherka
2015-03-31 08:54:52
Куйоого тийгенден кийин сулуулук конкурстарды не кылат,жыланачтанып оздорун коргозушуп, бойдокторду го тушунсо болот, отура бербейби башка иштерин кылып....
0
saat1200
2015-04-02 11:47:24
бактылуу болунуз.
0
adilbek84
2015-04-04 14:05:11
неге кайдагы бир орус кызга беришет биринчи орунду алган кыз созду орду менен суцйлой албайт экен го менимче орунду сатып алганго деп калдым ,,,билбейм дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан