Бишкекте Театр күнү салтанаттуу белгиленип, мыкты театр өнөрпоздору сыйланышты

27-мартта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Эл аралык театр күнүнө карата маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

Майрамдык кечеге КРнын Вице-премьер-министри Д.Ниязалиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов катышты. Кыргыз жериндеги бардык профессионал театрлар катышкан бул иш-чарада театрлар тарабынан даярдалган "капустниктер" жана концерт тартууланды. Кеченин жүрүшүндө КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Театр ишмерлеринин союзу менен биргеликте эмгеги менен өзгөчөлөнө алган театр ишмерлерине М.Рыскулов жана Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктарды тапшырды.

Мындан тышкары КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Театр ишмерлеринин союзу жана “Айтыш” коомдук фонду менен биргеликте даярдалган “Эргүү” сыйлыгы тапшырылды. Мыктылар Кыргыз өлкөсүнүн театр ишмерлери союзунун Коомдук театр академиясынын 51 академигинен турган комиссиянын жашыруун добуш берүүсү менен аныкталды.

1. “Мыкты спектакль” – “Записки сумасшедшего”, БААУнун алдындагы Бир актёрдун театрынын жамааты;

2. "Мыкты балдар спектакли" – “Носорог и жираф”, Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры;

3. "Мыкты режиссура" – Талант Апыев, “Сары-Өзөк”;

4. "Мыкты сценография" – Юлдаш Нурматов, “Дон Жуан”;

5. "Мыктын аялдын ролу" – Гүлмира Ташматова, “Аппак аял, Айдай кыз”, Аппак аялдын ролу, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры;

6. "Эркектин мыкты ролу" – Улан Өмүралиев, “Записки сумасшедшего” спектакли, Прищиндин ролу, БААУнун алдындагы Бир актёрдун театры;

7. "Экинчи пландагы аялдын ролу" – Айнура Темирова, “Аппак аял, Айдай кыз”, Айдайдын ролу, Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры;

8. "Экинчи пландагы эркектин ролу" – Александр Балбекин, “Дон Жуан”, Францисктин ролу, Ч.Айтматов атындагы Кыргыз улуттук орус драма театры;

9. "Мыкты дебют" – Назгүл Мырзаканова, “Три пугала” спектаклинин режиссурасы, Барпы атындагы Жалал-Абад облустук музыкалык драма театры;

10. "Салтка бектик боюнча" – “Слуга двух господ”, Бабур атындагы Ош облустук академиялык музыкалык драма театры;

11. "Кыргызстандын театр искусствосуна сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн" – КРнын Эл артисти Анатолий Адали, Ч.Айтматов атындагы Кыргыз улуттук орус драма театры;

12. "Театр ишмердүүлүгүнө жасаган кызматы үчүн" – Гүлнар Суранчиева, башкы сүрөтчү-гримёр, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.

Жеңүүчүлөргө атайын диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө эл назарына тартууланган "капустниктердин" мыктылары аныкталып, акчалай сыйлык тапшырылды.

1-орун: “Учур” мамлекеттик жаштар театры;

2-орун: Б.Бейшеналиева атындагы Искусство университети;

3-орун: М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;

4-орун: Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры;

Ошондой эле көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө татыгандыгы үчүн Кыргыз мамлекеттик цирки сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан