Эртең, 3-апрелде Улуттук китепканада Кыргыз Эл акыны, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, сүрөтчү жана котормочу Рамис Рыскуловдун 80 жылдыгына арналган “Ажайып ыр дүйнөлүү талант” аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, көргөзмөгө акындын китептери, басылмаларга чыккан маектери, гезит-журналдык материалдары, ал жөнүндө жазылган макалалар, фотодокументтери, сыйлыктары коюлду.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.