3-апрелде Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде кыргыз эстрада ырчысы Бураш менен казакстандык “All davai” тобу чыгармачылык кечесин тартуулашты. Кечеде кыргыздын ырчы кызы менен казак жигиттеринин аткаруусундагы “История любви” аттуу ырына тартылган клиптин бет ачары болду.
Концертте Бураш “Я не твоя”, “Музыка любви”, “Там где ты, где любовь” аттуу ырларын аткарды. Ал эми коңшу өлкөдөн ат арытып келишкен “All davai” тобунун жигиттери ырларын жандуу үн менен гана аткарбастан, ошого жараша так секире бийлеп биздин шоу өкүлдөрүнө үлгү болчудай эле номерлерди көрсөтүштү.
Ырчы жигиттер Бишкек менен Алматы шаарларын, кыргыз жана казак кыздарынын окшоштугун баса белгилешип, кыргыз жергесине ар дайым кубаныч менен келишерин айтышты. Алардын өнөрлөрүнө кыргыз ырчылары Омар, Арсен, Анжелика, Максат Бегалиев да күбө болушту. Мындан тышкары кыргыз композиторлору, акындары менен иштешүүгө даяр экендигин билдиришкен жигиттер репертуарындагы Ильяз Абдыразаковго таандык “Бийле”, “Карагат көздөрүң” аттуу ырларын оболотушту.
Чакан концерттин соңунда Бураш чыгармачылыгын колдоп келген күйөрмандарына, 5 жылдан бери тыгыз кызматташып келаткан “All davai” тобуна ыраазычылыгын билдирди.