20-22-май күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында “Биз көппүз, бирок дүйнө баарыбыз үчүн бир” деген аталышта көп улуттун башын бириктирген фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Борбор Азиядагы Америка университетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары үчүн мастер-класстар, кыргыз өлкөсүндө жана Орто Азияда жашаган ар улуттардын тамак-аштарынын жарманкеси, концерттик жана бий программалары тартууланат. Фестивалда “Көп тилдүү дүйнө” деген аталыштагы адабий сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө атайын сертификаттар тапшырылат.