* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1985-жылдан тартып Кыргызстан Компартиясын жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон.
СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын, Жогорку Кеңештин депутаты Абсамат Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда жүрөк оорусу кармап, 71 жашында дүйнөдөн кайткан.

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орто-Сай айылында жалгыз кыргыз элине гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанымал, Орто Азиядан чыккан биринчи каскадёр
Үсөн Кудайбергеновду өз үйүнөн атып кетишкен.
Голливуд каскадёрлор, Орусия каскадёрлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, КРнын Панкратион федерациясынын президенти болгон, кайталангыс инсан Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Анын кинематографиядагы чыгармачылык эмгеги 15 жашында Мамлекеттик циркте иштеп жүргөндө башталган. 16 жашында "Жамийла" тасмасына актёр-каскадёр катары тартылып, Сейиттин бир аттан экинчи атка сыйыртмак салып минген жериндеги эпизодду аткарган. Андан кийин "Кыргызфильмде", "Мосфильмде" бир топ чоң эмгектерди жаратууга жетишкен. Тактап айтканда, 30 жылдан ашык тасма талаасында эмгектенип, 150дөн ашык фильмге тартылган. Дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүн кыдырып, актёр-каскадёр, трюктарды тартуу боюнча режиссёр-коюучу катары иштеп келген.
Үсөн Кудайбергеновду "Юность гения" аттуу өзбек фильмде 27 метр бийиктиктеги жардан ат үстүндө 1,5 метр бийиктиктеги Сыр-Дарыяга секирген трюк жасаганы үчүн "Гиннесстин китебине" киргизишкен. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин "Мыкты каскадёр" деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты он каскадёрдун бири болгон. Бул үчүн Үсөн Кудайбергенов каскадёрлордун "Ардактуу куру" сыйлыгын алган. Өзүнүн кинодогу эмгек жолунда бир топ иштерди жасап, мурдагы Советтер Союзундагы бардык киностудиялар жана чет өлкөдөгү киностудиялар менен кызматташкан. Бала кезинен тартып өз ишине өзгөчө мамиле жасап, ар бир эмгегин эргүү менен аткарып келген Үсөн Кудайбергенов кыргыз каскадёрлор мектебин ачып, ар улуттун атуулдарын чогултуп тарбиялаганга да жетишкен. Анын эң акыркы эмгеги "Көчмөндөр" аттуу казак фильмде каскадёрлор үчүн сценарий жазып, Голливуд актёрлору Марк Декаскос жана Эрик Норристер менен биргелешип иштешкени болгон.

* Мындан 305 жыл мурун, 1710-жылы автордук укук боюнча мыйзам дүйнөдө биринчи болуп Англияда күчүнө кирип, иштей баштаган. Автордук укук – атуулдук укуктун бир бөлүгү, адабият, искусство, илим чыгармаларын, ойлоп табууларды түзүүгө жана пайдаланууга байланышкан укуктарды жана милдеттерди аныктоочу юридикалык эрежелер, нормалар жана мыйзамдар. Автордук укук жеке автордун кызыкчылыгы менен жалпы коомдун кызыкчылыгын коргоого байланышат, ал укукту бузуу сот тарабынан каралат.

* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы Япониянын Хонсю жана Сикоку аралдарын бириктирип турган, узундугу 9 чакырымга созулган суу үстүндөгү Сето көпүрөсү 10 жылдык курулуш иштеринен кийин бүткөрүлгөн.