Бишкекте 7-10 жаштагы балдардын дүйнөгө болгон көз карашын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 16-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 7-10 жаштагы балдардын дүйнөгө болгон көз карашын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага “Мен тынчтык сөзүн тартамын” деген аталыштагы сынактын жеңүүчүлөрүнүн иштери коюлган. Жаш балдардын көзү менен дүйнө жыргал жана ачык болуп тартылган. Сүрөттөрдө бактылуу үй-бүлө мүчөлөрү, ачык асман жана бекем достук көрүнүштөрү балдардын тынчтыкта жашап жаткандыгынан белги берет.

Сынак Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Бийик көңүл эргүүлөрдүн өлкөсү” аттуу кыргыз жериндеги орус маданиятынын V фестивалынын алкагында өткөрүлгөн. Иш-чаранын демилгечилери Орус тили жана адабияты боюнча кыргыз окутуучулар коому болду. Көргөзмө 19-апрелге чейин уланат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан