Бишкекте белгилүү сүрөтчү Пётр Куринскийдин “Жыпар жыт сырдуулугу” аталышындагы көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 16-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде белгилүү сүрөтчү Пётр Куринскийдин “Жыпар жыт сырдуулугу” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Ага сүрөткердин 90го чукул эмгеги коюлган. 

Куринскийдин картиналары бир караганда жаш баланын көзү менен тартылгандай сезим калтырат. Бул сүрөттөр көрүүчүлөрдүн көзүн кубантат, жаман ойлордон алыс алып кетет. Пётр Куринский дайыма жаңы формаларды таап, изденүү үстүндө. Анын чыгармалары индивидуалдуу, мыскыл жана ынангандыкты жаратат.

Айта кетсек, Куринский көркөм искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Гапар Айтиев атындагы медалдын ээси жана сыйлыктын лауреаты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан