17-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +21°C, түнкүсүн +7°C
Талас облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +23°C, түнкүсүн +9°C
Баткен облусу. Күндүз +21°C, түнкүсүн +8°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +6°C
Нарын облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +3°C
Бишкек шаары. Күндүз +20°C, түнкүсүн +6°C