Бүгүн, 17-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган балдардын колунан жаралган “Биз Улуу Жеңиштин мураскорлорубуз” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чара “Биз Улуу Жеңиштин мураскорлорубуз” аталышындагы эл аралык балдар сынагынын алкагында уюштурулууда. Эң мыкты делген картиналар атайын каталогго киргизилет. Көргөзмөгө 7-16 жаштагы окуучулардын 200дөн ашуун сүрөттөрү коюлду.
Уюштуруучулардын айтымында, аталган сынак балдардын Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу көбүрөөк маалымат алуусуна жана ардагерлерге болгон сый-урматты жакшыртууга арналган. Көргөзмө 21-апрелге чейин уланат.