Бүгүн, 18-апрелде Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы башталды. Долбоордун президенти, алып баруучу Эрмек Нурбаев сахнага чыгып, катышуучуларга ийгилик, көрүүчүлөргө жакшы маанай каалады.
Фестивалда 12 команда ат салышууда. Алар: “Универсал”, “Позитифф”, “Бишкек”, “Brooklyn” (Бруклин), “Евраш”, “Рота”, “Тамашарики”, “Багыт”, “Айым стайл”, “ОШолор”, “Кыргыз двор” жана “Элестет”.
Жаш өнөрпоздордун тапкычтыгын жана тапандыгын "Супер-Инфо" гезитинин шеф-редактору Сүйүн Кулматова, дизайнер Замира Молдошева, ырчы Урмат Усенов, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, рэперлер Бегиш менен Баястан баалап жатышат.
Учурда командалар даярдап келген кыска тамашаларын тартуулашууда. Бул тамашалардын көбү сүйүү, саясат, үй-бүлө жана студенттер темаларына арналууда.