Бишкекте белгилүү скульптор Мамат Камчыбековдун ар кандай жанрдагы көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги Чуйков атындагы “Эмен сейил багы” (“Дубовый парк”) көргөзмө залында белгилүү скульптор Мамат Камчыбековдун ар кандай жанрдагы “Сулайман-Тоо. Жылдын төрт мезгили” деген аталыштагы көргөзмөсү ачылды. Анда автордун 1979-жылдан берки жасаган 46 экспозициясы эл астына тартууланды. Алардын арасында бир аз формага келтирилген жаратылыш таштары, темир, коло жана башка материалдардан жасалган айкелдер бар. Мындан тышкары көргөзмөнүн борборунда Сулайман-Тоонун кичирейтилип жасалган экспонаты орун алып, анда жаратылыш кооздугун чагылдырылган жылдын төрт мезгили сүрөткө тартылып илинген. Ошондой эле Сулайман-Тоого мындан бир нече кылым мурун чегилген жазуулар кара кездемеге түшүрүлүп көрүүчүлөргө коюлду. Көргөзмө 4-майга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан