23-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы, обончу Чубак Сатаевдин 55 жылдыгына арналып концерт уюштурулду. Эскерүү кечеси саат 18:45 чамасында башталып, 22:00гө барып аяктады.
Салтанаттуу иш-чарага Чубак Сатаевдин чыгармачыл достору, маданият ишмерлери, кыргыз эстрада ырчылары катышты. Саламат Садыкова, Кундуз Авашова, куудул Күмөндөр Абылов, агасы Жетимиш Даскаев сыяктуу талант ээлери кечени көркүнө чыгарышты. Ал эми Кайрат Примбердиев, Султан Садыралиев, Кыял Батырканова, Замир Арыкбаев, “Чоро” тобу жана казак ырчысы Дархан Дуйсенов эски ырларды жаңыча ырдап чыгышты. Ошондой эле “Чубактын ак батасы” аттуу ыр жыйнагынын бет ачары болду. Бул китептин ичинде 30 ырдын ноталары жана сөзү камтылган.