25-апрелде Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда музыкант
Асылбек Насирдиновдун "Улуу көч" аталышындагы концерти өттү. Кечеде А.Насирдинов өзүнүн элге сиңген чыгармаларын улуттук аспаптарда аткарды.
Сахнага музыкасы Насирдиновго таандык композициялар менен чыккан ырчылар жана музыканттар Асылбек мырзаны куттукташып, ага ийгиликтерди каалашты. Концертте бийчилердин коштоосунда ырлар жана ар кандай улуттук музыкалык аспаптарда ойнолгон чыгармалар көрүүчүлөр үчүн жакшы таасир калтырды.
Концерттин жүрүшүндө
сахнага куттуктоо сөздөрү менен маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтов, коомдук ишмер Роза Айтматова, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, профессор Оморбай Нарбеков чыгышты. А.Максүтов Асылбек Насирдиновдун улуттук маданиятка салымы зор экенин айтып, аны "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйлады.