Ырчы Назира Токонова концертинде дастан айтып, ырларын жандуу үн менен аткарды

26-апрелде Бишкекте ырчы Назира Токонованын “Сага” аттуу алгачкы жеке шоу-концерти өттү. Алып баруучулук милдетти Чыңгыз Мырзаев аркалады. Назира Токонованын устаты, Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов, опера ырчысы Анарбек Ибраев жана Улуттук филармониянын жалпы жамааты куттуктоо сөздөрүн айтып, сахналаштары КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси Султан Садыралиев, рэп ырчысы Добр, ырчы Чыңгыз Турдубеков, төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев жана Назира Токонованын шакирти, ырчы Байбото келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Ал эми кече ээси Назира Токонова Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда өзүнүн чыгармаларын аткарып, жандуу үн менен дастан айтты. Шоу-концерттин көркүн “Миң кыял” жана “Алтын” бийчилер топтору ачышты.  

Концерттин жүрүшүндө Назира Токонова ата-энесине ыраазычылыгын билдирип, апасына роза гүлдөрүн, атасына ак чепкен, ак калпак кийгизди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
AFRODITA-89
2015-04-27 00:22:14
концерти Толик сынчыдан кутобуз кандай болоорун укмуш айтып берет менимче адам аз болгон, анан да азыркы концерттерде депетат, чондордон чакырыш модага айланганбы эмне? алар суйлоп буткончо зеригип кетесинго, кимдин концерти болбосун чондордон чакырышат тобоо кандай кылык концерттин коп убактысын кетирип
+1
Qnet
2015-04-27 03:26:37
AFRODITA-89, сизге кошулам!Эми эле чыкканына деле келе беришет,эмгек синиргенине деле келе беришет ушулар,бул нерсенин да баркы жок боло баштады.Ушул нерсе элге кызыкпы?
0
nelya88
2015-04-27 01:17:27
Молодец,Назира!Талантын ташкындай берсин! Суротторго карап эле концерт мыкты денгээлде отуптур деп айта алабыз. Бара албай, арманда калдым...Чыдамсыздык менен видеосун кутобуз...
0
Creig
2015-04-27 01:21:29
Назиранын ырлары илгери эле хит болгон! Жеке концертти кичине кечигип берди окшойт. Таланттуу кыз Назира, талантын сыйлайбыз
0
kama_future_millioner
2015-04-27 01:56:06
Талантын өркундөй берсин
0
Qnet
2015-04-27 03:29:19
Назиранын уну жагат да, тим эле кайгылуу ырларды келиштирип ырдайт да!Омурлуу болунуз,жоголбостон бат-баттан жаны ырларды чыгарып турунуз!
0
sezimay
2015-04-27 09:00:57
Назмра эжебиз бир аз толгондой го
0
aikol87
2015-04-27 12:37:12
sezimay, бир аз эмес тузук эле толуптур.томолок болуп.)))
+1
Aipri
2015-04-27 17:14:21
Назира ушундай таланттуу экенин билбепмин. Концерттен жандуу ун менен оркестрдын коштоосунда ырдаганда билдим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан