Бийчи Атай Өмүрзаковдун шакирттери “Украина - менин таланттарым-7” долбоорунун финалына өтүштү

Кыргыз жана казак жаш бийчилеринен түзүлгөн “Адем” бийчилер тобу “Украина - менин таланттарым-7” шоусунун финалына өттү. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты. “Өзүмдүн шакирттерим менен абдан сыймыктанам. Балдар кыргыз жергеси жана Казакстандын атынан татыктуу чыгышууда” деп жазылат маалыматта. 

25-апрель күнү украиналык телеканалдардын биринде түз эфирде көрсөтүлгөн долбоор алкагында 4 бийчиден турган топ бий сүйүүчүлөрүнүн добушу менен финалга чыкты.

Белгилүү болгондой, Атай Өмүрзаков “Адем” бийчилер тобун түзүп, аларга болгон тажрыйбасын үйрөтүп, коштоп келет. Атай буга чейин өзү дагы аталган долбоордун финалына чыккан. 

Атай Өмүрзаковдун "Адем" бийчилер тобу "Украина менин таланттарым 7" шоусунун финалына өтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rakyl12
2015-04-27 16:28:11
Тумар бийчилер тобу эмне болду?
0
KG_Beka_KG
2015-04-27 17:19:14
жан воиновту деле чыгарсанар админ
0
Dadasdasd
2015-04-28 10:32:44
Жаны жуздорбу?
0
Dadasdasd
2015-04-28 10:33:08
Жаны жуздорго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан