«We’ll be» бийчилер тобунун эки мүчөсү Орусиянын ТНТ каналындагы «Бий» долбоорунун кастингинен өттү

"We’ll be" бийчилер тобунун мүчөлөрү Максат Токтоналиев жана Дастан Тилек уулу Орусиянын ТНТ каналындагы «Бий» долбоорунун кастингинен өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына Максат Токтоналиев билдирди. 

Анын айтымында, алар Москва шаарында видеотурдан кийинки тепкич болгон кастингден өтүштү. Эми жайдын башы менен Дастан экөө ТНТ каналынын “Танцы” шоусунун сахнасына чыгып, калыстарга өнөрлөрүн тартуулашат.

Кастинг Орусиянын 7 шаарында өтүүдө, ар бирине миңдеген катышуучу келген экен. Ошондуктан тандоо абдан катуу жүргүзүлүп жатат. Мен кыска убакыттын ичинде хип-хоп, локинг жана брейк стилинде бийледим. Бирок башкалардай болуп спорттук кийим эмес, өзгөчөлөнөйүн деп классикалык шым, көйнөк жана моюнума "көпөлөк" тагындым. Буюрса, бул долбоордон өтүп калсам, ушул кийинүү стили менен жүргөнгө аракет кылам. 

Айта кетсем, биздин бийлөө адатыбыз орусиялыктардыкынан айырмаланып турат. Аларга көбүнесе балет, модерн стилдери жакын болсо, биз хип-хопко арбалганыбызды байкадым”,- деди бийчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG_Beka_KG
2015-04-27 17:23:58
талан рустамов....менен Жан воиновту деле жазып койсонор
0
admin_portal
2015-04-27 17:33:51
KG_Beka_KG, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
baba.
2015-04-27 18:08:47
молодцы!ийгилик али алдыда!сыймыктанабыз силер менен!
0
Aipri
2015-04-27 18:16:55
Азаматтар.
0
AFRODITA-89
2015-04-28 11:58:51
мага ушул бийчилер олло жагатда сонун билешет ийгилик каалайм буларга коп жетишкендиктерге жетишип журо беришсин, булардын бийин коруп бийлегим да келип кетет Максат укмуш бийлейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан