Нурлан Насип Ош шаарынын борбордук стадионунда концерт койду

Кечээ, 27-апрелде "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын 3 жолку ээси Нурлан Насип Ош шаарынын борбордук стадионунда концерт койду. Ага сахналаш достору Анжелика, Сайкал Садыбакасова, Жоодарбешим, Бегимай Карабаева, Асел Касымова жана казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов катышып, келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. 4 саатка созулган кечени "Тамашоунун" “Ак-Өргө сити” командасынын жигиттери алып барышты. Концерттин кандай өткөндүгү тууралуу Нурлан Насип SUPER.KG порталына буларды билдирди:

Өмүрүмдө биринчи жолу стадионго концерт бердим. Башында абдан толкунданып, “Ушундай чоң аренаны кантип толтурабыз?” деп жаткам, бирок баары мен ойлогондон да жакшы болду. Ош шаарынын тургундарына абдан ыраазымын, алардын колдоосу мен үчүн чоң стимул. Анан күйөрман кыздар абдан көп экен, гримёрканын терезесин сындырып коё жаздашты. Алардан араң качып чыктык. Стадиондо ырдап жатып белектерди да абдан көп алдым. Буга чейин Ошто концерттеримди берип келгем, бирок анда 500-700 киши батчу эле жерлерде өткөн”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kyrgyz_girl
2015-04-28 11:03:06
аябай адам коп келгенго, молодец!
+2
Lintel
2015-04-28 11:15:22
Эми Нурланды турап коп ырчылар Ошко келип стадиондо концерт беришсе керек.
+5
merim
2015-04-28 11:15:56
Аябай соонун болгон окшойт ее:)Нурлан байке ийгилик сизге.дагы дагы коптогон ырларды жарата бериниз.
+2
AFRODITA-89
2015-04-28 12:15:38
Жалал-Абаддын же Кочкор-Атанын стадионуна да келсинчи Нурланга айткылачы админ келсин бизге тезирееек
+1
adilbars
2015-04-28 12:18:48
Азаматсын Нурлан! Ар бир ырчынын озгочолуктору бар, сен да артыкчылыктарынды жоготпо, сенин бир калыпта озунда алып журушун куйормандарын тарабынан бааланат!
+2
gooool
2015-04-28 12:59:56
Билинбеген менен азыркы номер бир ырчы Нурлан Насип...
+3
tasnim
2015-04-28 13:27:18
Оооо ташбака да келген го
+1
kyrgyzka96
2015-04-28 17:11:38
Эл жаман коп келиптир го
0
terabait
2015-04-28 17:58:35
Менмин деген саясатчыга да мынчалык адам чогулбайт аябай жакшы отту
+2
Dashi
2015-04-28 18:56:46
Адам батпай кетти.туруп коргондор коп болду
+1
surgut.86.96
2015-04-28 19:57:33
Укмушго тойго да мынча адам келген емес елего
0
suiuktuujar
2015-04-28 20:35:21
молодец Нурлан москвагада кел.
+1
dkanu
2015-04-29 03:07:35
suiuktuujar, Ооба келсинчи. Бирок биз концерт буткондо угабыз! Жакшыраак рекламалап келсин!
0
Qnet
2015-04-30 03:55:24
dkanu, келсе да кафеге эмес,жакшынакай эле концертный залга келсе жакшы болмок.Былтыры 4 эле ыр ырдап чыкпай койгон,кафеде бардак болгондон кийин!
0
otuzuul
2015-04-28 21:06:06
jenengda bargan ele konsertine,, kachan chigat eken dep kuto berip tajatip jiberdi, mindan kiyin ertereek ele buturchu je ertereek bawta, menden saga sunuw Nurlan
0
dkanu
2015-04-29 03:05:33
Супер. Коз тийбесин. Талантын оркундойберсин, жылдызын ар дайым жаркырап турсун.
0
Anara88
2015-04-29 16:56:36
Эл аябай коп келди, концертке мындай коп эл кегенин биринчи кордум тем более Ошто. Жакшы болду концерти бирок биз жакшы коро албадык Нурланды места жок арка жактан кордук унун эле угуп отурдук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан