Сеул, 2015-жылдын 29-апрели. Бүгүн LGElectronics LGG4 смартфонун тартуулайт. Бет ачар 6 шаарда өтөт: Нью-Йорк, Лондон, Париж, Сеул, Сингапур жана Стамбул.
Жаңы G4 смартфонунда LG компаниясы элеганттуулук жана колдонуудагы ыңгайлуулукка, жагымдуу сезимдердин таң каларлык тажрыйбасын түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. LGG4түн камерасы смартфондордо сейрек кездешүүчү апертуралык F1,8 линзасына ээ, бул LGG3кө салыштырмалуу жарык сезгичтигин 80 пайызга жакшыртууга мүмкүндүк берет. LG компаниясы тунук жана деталдуу сүрөттөрдү тартуу үчүн комплектацияга алдынкы 8 мегапикселдүү фронталдуу камераны да кошту.
"Биз колдонуучуга чындап ыңгайлаштырылган жана дүйнөлүк деңгээлде функционалдуулукту камсыздоого жөндөмдүү жабдуу түзүүнү кааладык. Дизайн, камера, экран, UX интерфейси жана башка көптөгөн параметрлер боюнча алып караганда, бул амбициясы эң күчтүү телефон",- деп билдирди LGElectronicsMobileCommunicationsCompany компаниясынын президенти Жуно Чо.
LGG4 5,5 дюймдуу PSQuantumDisplay дисплейи колдонулган биринчи смартфон болуп калды. Бул түстөрдү айкалыштырууну жана сезгичтикти камсыздоо үчүн AdvancedIn-CellTouch (AIT) технологиясы колдонулган биринчи дисплей.
LGG4 смартфону 3000 мАч кубаттуулукка ээ кубаттагычы менен жабдылган.