Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун музей экспонаттарынын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, коргоо министринин милдетин аткаруучу Абибилла Кудайбердиев, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, өкмөттүн өкүлдөрү жана Казакстандын ардагер-фронтчуларынын делегациясы катышты.
Ушул эле күнү согуштун алгачкы айларында Фрунзеде кыргыз-казак жоокерлеринен куралган 8-гвардиялык дивизиянын атактуу жеңиштери жөнүндө баяндаган “Панфилов дивизиясынын даңктуу жолу” деген китептин бет ачар аземи болду. Китеп 2000 нуска менен кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн. Ал КРнын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине колдонуу үчүн таратылат.