“Кыргыз жергесинин мырзасы-2015” сынагында баш байгени Ильгиз Бекболотов жеңип, дүйнөлүк сынакка катышууга жолдомо алды

2-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Кыргыз жергесинин мырзасы-2015” сынагы өттү. Ага 16 жаштан 27 жашка чейинки 37 жигит катышты. Сынакта жигиттер өзүн тааныштырып, талантын тартуулап, мырзалардын биргелешкен бийин, ошондой эле көл сезонунда кийчү кийимдерди көрсөтүштү. Калыстар тобунун курамына актёр Азиз Мурадиллаев, SUPER.KG порталынын директорунун орун басары Гүлзат Мамытканова, “Кыргыз жергесинин сулуусу-2014” наамынын ээси Айкөл Аликжанова жана башка сулуулук тармагынын белгилүү адамдары киришти. Ал эми кечени “Легенда” бийчилер тобу жана "Тамашоу" долбоорунун “Кыргыз двор” командасы коштоп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Иш-чараны шоу-вумен Рыскүл Намазбекова уюштуруп, аны КВНчилер Эрмек Таалайбеков жана Нурсултан Жакыпбек уулу шаңдуу, ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде алып барышты.

Жыйынтыгында баш байге - “Кыргыз жергесинин мырзасы-2015” наамы Ильгиз Бекболотовго ыйгарылып, быйыл күзүндө Нью-Йоркто өтчү “Дүйнө мырзасы-2015” сынагына катышууга жолдомо берилди. Ал эми "Кыргыз жергесинин 1-вице-мырзасы" Самат Асанкулов, "Кыргыз жергесинин 2-вице-мырзасы" Мирлан Бактыбек уулу, "Кыргыз жергесинин 3-вице-мырзасы" Улан Эсенкулов болушту. Аталган жигиттерге наамына карата Түркияга бир жумалык эс алууга жана Ысык-Көлгө жолдомо ыйгарылды. Муну менен катар кошумча номинациялар боюнча жеңүүчү аталган жигиттерге демөөрчүлөр тарабынан атайын даярдалган белектер берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
st1m_
2015-05-03 20:51:03
Ак кийимчен аял кантет ыя.
+5
kobra86
2015-05-03 21:00:41
880909 туп туура айтасыз!
0
Nazulya
2015-05-03 21:01:14
Намазбекованын ХХХ ХХХ ХХХ... ар жак бери жагы билинбей турган бир нерсе кийсе болмок. ХХХ ХХХ ХХХ...
+5
paula.90
2015-05-03 23:06:04
Nazulya, ооба туура айтасыз, ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-05-04 13:00:12
Nazulya, paula.90 - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
slm-81-10
2015-05-03 23:17:46
Кыскасын айтканда,уятсыздар.Ата бабаларыбыздын урпагын булгагандар,десем адашпасам керек
+3
slm-81-10
2015-05-03 23:19:28
Уюштуруучулар өзү кыргыздар бекен?
0
edil.9292
2015-05-03 23:23:40
эркектер эркекче эле жүргөн жакшы негизи аскерге чакырса эч ким барбайт сынак деп койсо баары ошол жакта жүрүшөт эркектер мекенди коргойлучу мисс кыргызстанды коюп сураныч
+2
SULUU-KYZ
2015-05-03 23:53:20
1-orundu algan bala krasava go.Anan figurasyn korsotkondoru jaga berbedi kophulugunun figurasy ancha dele emes eken ХХХ ekender)))
0
admin_portal
2015-05-04 13:01:39
SULUU-KYZ - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган сөздөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
0
KyrgyzAryan
2015-05-04 00:09:28
ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-05-04 13:02:34
KyrgyzAryan - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Kesh.26
2015-05-04 00:21:59
Уюштуруучуга боорум ачып кетти, кандай ойдо уюштурду экен... Боюнда бар ак кийимчен аял ошолбу? Эгер ошол болсо жон эле олтура бербептир да уйундо... Фамилия сына карама каршы кылыктарды жасаган айым окшойт))))
0
umar92
2015-05-04 00:31:17
Егер ушул кыргызстандын атынан дуйно биринчилигине барса кечирип койгулада кыргыздын мырзасы ушулбу деп башка улуттар кулбойбу кокуй
0
modem4999
2015-05-04 00:42:48
Кыздары салафан жамынып чыкса,жигиттерибиз андан да отуп без салафан,без ....,шортикчен уят эле.
0
suiutbekov1989
2015-05-04 01:04:43
Кыздарыбызды тыя албай атсан экектерибиз кантет ушундан коро ХХХ ХХХ Европа Америка куратмай болдуго кыргыз каерде ушундай жолго барган ХХХ ХХХ ХХХ... ушинтип сулуу болгончо болбой эле койойунчубойсунарбы ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-05-04 13:05:48
suiutbekov1989 - эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
akylbek.kg
2015-05-04 01:28:18
Bularadin baarin ХХХ ХХХ ХХХ... kyrgyzstandin myrzasy degen naam beriw kerek
+1
admin_portal
2015-05-04 13:08:28
akylbek.kg - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө жол берилбейт.
0
Aidar.001
2015-05-04 02:28:25
Эркектин тапшырмаларын берсе болбойбу!! . кой атттааа соз жок экен бул жакка
0
citizen
2015-05-04 09:47:39
ХХХ...
0
admin_portal
2015-05-04 13:09:08
citizen - 3 күнгө БАН!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан