Кыргыз жергесинин студенттери Түркиянын Кайсери шаарында КВН өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалым болгондой, шайыр жана тапкычтардын таймашына 5 команда катышып, иш-чаранын өтүшүнө элчилик колдоо көрсөттү.
"КВН саламдашуу, “Кыргыз жергеси” аталышындагы видеосынак жана үй тапшырмасы деген үч баскыч менен өттү. Сынактын жүрүшүндө жаш мекендештерибиз билим берүү, технология, карым-катнаш темаларына байланыштуу тамашаларды айтып, келген коноктордун көңүлдөрүн ачышты.
Оюндун жыйынтыгы менен 1-орунду Стамбул шаарында, 2-орунду Кожаели шаарында жана 3-орунду Измир шаарында окуган кыргыз студенттери жеңип алышты",- деп айтылат маалыматта.