КРнын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Манас” бөлүмү тарабынан “Манас” сөздүгү” даярдалып, басмага сунуш кылынды. Муну 6-майда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган эмгек кыргыз тилинин байлыгын, түшүнүктөрдүн көп маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдейт.
“Сөздүктө архаизм, историзм, турмуш-тиричиликте жолугуучу сөздөргө кеңири түшүнүктөр берилген. “Манас” сөздүгү” көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы. “Манас” эпосунун үчилтигинин негизиндеги “Манас” сөздүгүн түзүүгө маркум "Манас" изилдөөчүлөр Самар Мусаев, Эсенаалы Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков, Кеңеш Кырбашевдерден тартып бүгүнкү жаш илимий кызматкерлерге чейин катышышты. Учурда коомчулукка жеткирүү үчүн каражат издеп жатабыз. Сөздүк жарык көрсө, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу”,- дейт илимий долбоордун жетекчиси, вице-президент, академик Абдылдажан Акматалиев.