Бүгүн, 6-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде патриоттук комедия жанрында тартылган “Толук метр” мульттасмасынын жабык көрсөтүүсү өтүп жатат. Иш-чарага чыгарманын автору Ниязбек Абазганов тасманын үстүндө иштеген адамдарды жана жакын досторун чакырган экен.
Мульттасманын сюжетине ылайык, окуя 2020-жылы орун алат. Ал мезгилде Кыргыз Республикасынын Түндүкия жана Түштүкия болуп эки мамлекетке бөлүнгөнү сүрөттөлөт. Башкы каарман - тележурналист бул эки мамлекетти бириктирүү максатында эки досу менен Түндүкиядан Түштүкияга жөнөп, мамлекеттин бөлүнүшүнүн алдын алуу аракетин жасаганы сүрөттөлөт.
Айта кетсек, “Толук метр” мульттасмасы 30-апрелден тарта өлкөдөгү кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган.