Бишкекте ырчы Гүлжигит Калыковдун жеке концерти жандуу үн менен өтүүдө (фото)
Бүгүн, 10-майда
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит
Калыковдун жеке концерти өтүп жатат. Кечени кыргыз-орус
тилдеринде Максат Тынаев жана Кубат Кубанычбеков алып барышууда. Гүлжигит сахна көшөгөсүн ырларынын микси менен ачты. Кечеге ырчынын сахналаш
достору Арсен, Токтобек Асаналиев, Самара Каримова, Назгүл Токтакунова,
Бегиш, Баястан, Айбек Замиров, Жийдеш Идирисова, Нурсултан Азыкбаев, жаңы чыгып
келе жаткан ырчы Аяни келип, конокторго көңүлдүү маанай тартуулашууда. Ал эми концертти "We’ll be", “Ханыша”, “Керемет” жана башка бийчилер тобу
коштоп жатышат. Гүлжигит Калыковдун муну менен жеке концертин 3-ирет өткөрүүдө.