Бүгүн, 10-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит Калыковдун жеке концерти өттү. Ырчы сахна көшөгөсүн ырларынын микси менен ачып, кыргызча, орусча жана итальянча ырларды аткарды. “Гүлжигиттин концертин көпкө чейин күттүк” деген коноктор кумирине жакшы сөздөрүн айтышып, гүл, белек жана купуя каттарын берип жатышты. Алар менен бирге Сокулук районунун башчысы да кече ээсине ыраазычылык катын тапшырды.
Концертти Максат Тынаев менен Кубат Кубанычбеков кыргыз-орус тилдеринде алып барышты. Көптөгөн эл аралык сынактардын жеңүүчүсүнүн концертине сахналаш достору Арсен, Токтобек Асаналиев, Самара Каримова, Назгүл Токтакунова, Бегиш, Баястан, Айбек Замиров, Жийдеш Идирисова, Нурсултан Азыкбаев жана жаңы чыгып келе жаткан ырчы Аяни келип, кечени шаңга бөлөп жатышты. Ал эми концертти "We’ll be", “Ханыша”, “Керемет” жана башка бийчилер тобу коштоду.
Айта кетсек, Гүлжигит бүгүн күйөрмандарына “Саат жебеси” жана “Сезим ыргагы” аттуу жаңы жазылган ырларын аткарып, биринин клибинин үзүндүсүн залда отурган коноктордун жардамы менен тарттырып алды. Гүлжигит Калыков муну менен жеке концертин 3-ирет өткөрдү.