Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Орусиянын ырчылары Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин Бишкекке келет

Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин Бишкекке келет. Бул тууралуу 13-майда SUPER.KG порталына президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди. 

Анын айтымында, аты аталган орусиялык ырчылар энелердин майрамына карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтчү концертке катышышат. Концерт 16-май күнү болот. 

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинен тарта кыргыз мамлекетинде Энелер күнү белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп эсептелинет. 

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет өзүнүн маданиятына, салтына таянып, атайын бир күндү салттуу түрдө Энелер күнү катары белгилейт. Энелер күнүн белгилөө Байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет. Америка Кошмо Штаттарында Энелер күнү 1872-жылдын май айынын экинчи жекшембисинде биринчи жолу белгиленген. Ал эми Орусия 1998-жылы ошол убактагы президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
Danel
2015-05-13 15:45:00
Шайлоого байланыштуу деп тушуном!
-4
kursantbek
2015-05-13 15:51:08
Danel, энелердин майрамына караштуу деп турат тушунгуч
+4
NurAika8795
2015-05-13 16:25:02
Ооой куйдургулор алар келсе эмне силер толоп берип жатасынарбы барсанар унчукпай бара бергиле олтуруп алып жамандабай эмне энелерибиз учун аракет кылып жатат да ойногунан эмес кайра суйунсонор белгилуу адамдар биздин олкобузго келип энелерибиздин урматына ырдап конулун которуп кетип жатканына эч нерсени коро албайсынар аа ээх мынча ичи таар адамдарбыз кыргыздар
+2
MoXiTo
2015-05-13 16:53:20
Энелерибизге Майкл Жексон тирилип келип ырдаса да аздык кылат.Бар болсун дайыма бактыбызга!
0
fanatka19
2015-05-13 17:03:10
Жакшы жанылык экен,барабыз созсуз.жогорудагыларга айтаарым,бироонун акчасын санабай жургуло,эч качан бакыт алып келбейт.андан коро майрамда энелериңерди ээрчитип алып баргыла.
0
SULUU-KYZ
2015-05-13 17:54:29
Rossdo jurgondor ichiner tarybai,jon jurgulo)))Kalp bolso da jakshy oiunardy jazyp koio bergile da)))
0
afina.aman
2015-05-13 18:43:15
Саясатын билбедимго энелер куну деп белгилегени эн жакшы болуптур.ЭНЕЛЕРГЕ Онрайып карап эне деген статусту унутуп бараткандарга...энелер силер биздин бактыбыз энелер биздин кубанычыбызсынар таманыныр бейш биз учун.
0
elli_88
2015-05-13 18:44:42
чын эле путин жиберип жатса керек. киркоровко тологонго кайдагы евролор. 200 300 мин евро алат деп айтып жатышкан ру твдан
0
plaza85
2015-05-13 20:17:37
Энелер учун башкача майрам кылып берсек болмок. Оз агасын агалай албаган ит айагын сагалайт дечу эле озубуздо улуу муундагы ырчыларыбыз толтура болчу.
0
bakyt_2015
2015-05-13 22:08:03
Энелердин майрамы учун эки жуз мин эмне болуп кетиптир. Кара эчкиге жан кайгы,касапчыга мал кайгы болуп, акчанын кулу болгондор элдин акчасын энесинин майрамынан да кызганып атышканын корчу.Же Бакиевчилерге Бакиев озу бийлеп берип журуп, башканын ырдаганына ынабай жатышабы ыя?
0
Sadyrov_n93
2015-05-13 23:24:40
Адамдарга эч нерсе жакпайт озу,аракет кылып эле атат ко президент,шугур кылыш керек да,ал асмандан тушуп эле келип калган жок да,аны да озубуз шайлаганбыз го.
0
raku
2015-05-13 23:50:11
Өзүбүздүн ырчыларыбыз түгөнүп калыптырбы? Булардын гонарарлары асмандын башы да!!!

Чын эле энелерге белек кылгысы келсе, энелерге берилген жөлөк пулдарды, социалдык камсыздоолорун көтөрбөйбү!!!
0
bibi87
2015-05-14 03:44:07
Энелердин майрамына башкача белек камдаса болбойбу? Ал уч Артисттин гонорары бир жылдык бюджеттин жарымы болот го? Андан коро пособие менен пенсияны кобойтпойбу же болбосо ошол гонорарга кеткен акчага ооруканага акысыз корунууго болтурса болот го.ооруканага барсан акчадан башканы сурашпайт.
0
bibi87
2015-05-14 03:51:05
Энелердин майрамы учун 2жуз мин евро эмес,миллиард коротсон да аздык кылат дечи бирок,биздей экономикасы онукпогон,жарды мамлекетке каражатты орду менен пайдалуу нерселерге жумшаган жакшы болмок!!!!!
0
aidartegin
2015-05-14 11:53:49
Тамашоу да 16сы беле...Ото чон конкурент болот экен да)))
0
Ajar.
2015-05-14 15:45:15
Негизи ыр да керек, жан дүйнөнү азыктандырыш керек, болбосо кечке эле тытынып жүрө берсе адам моралдык жактан, психологиялык жактан чарчайт, көөдөндө боштук пайда болот, эч нерсеге көңүл чаппай калат. Ошондуктан эмгек менен эс алууну (жакшы маанисинде) айкалыштырса жаман болбойт го. А орусиялык ырчылардын келишине абдан кубанычтамын, алар дүйнөнү кыдырып бүтүшкөн, акчалары да жетиштүү, бизди теңине албай да коюшу мүмкүн эле да. Мындай жаңылыкты жакшы эле кабыл алсак дейм...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан