Бишкектеги Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканада Энелер күнүнө карата “Тарых танбайт энелердин эмгегин” аттуу иллюстративдик-китеп көргөзмөсү өтүүдө. Ага Алай ханышасы Курманжан датка, акыйкат үчүн күрөшкөн, республиканын Борбордук аткаруу комитетинин мүчөсү Уркуя Салиева, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова, Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева, улуу балерина, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, экс-президент Роза Отунбаева жана башка мыкты лидер айымдар жөнүндө маалыматтар коюлган.
Иш-чаранын алкагында атайын дубал гезит даярдалып, ага белгилүү акындардын энелер жөнүндө жазган чыгармалары илинген. Андан “Эне – бул дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык, асыл зат. Эне – бул үй-бүлөнүн башкы каарманы, тиреги, жарыгы, куту, жылдызы, айтор, баарын өзүнө камтып турган жан дүйнөсү назик жан” деген саптарды окууга болот. Көргөзмө дагы эки жумага уланат.
Айта кетсек, өлкөдө ар бир май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.