
* Мындан 105 жыл мурун, 1910-жылы атактуу акын, драматург, котормочу
Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. Жоомарт Бөкөнбаев 1926-1931-жылдары Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933-1935-жылдары Москвада Журналисттердин коммунисттик институтунда окуган. Эмгек жолун 1931-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштаган. Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин "Жер алган кедейлерге" аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. Ал эми 1933-жылы "Эмгек төлү" аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 1935-жылы жарык көргөн "Алтын кыз" поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн. Жоомарт Бөкөнбаев "Семетей" пьесасынын жана "Токтогул" операсынын либреттосунун автору, "Айчүрөк" жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу. "Алтын кыз" поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал ошондой эле көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору. Жоомарт Бөкөнбаев Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1944-жылы "Манас" эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызматтык иш сапары учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы газ жарылып, Лондон шаарындагы жаңы курулуп бүткөн 22 кабаттуу мунара толугу менен кыйраган. Жыйынтыгында 4 киши каза таап, 17 киши жаракат алган.

* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы эң алгачкы 15 “Оскар” 270 адам катышкан чакан кечеде ошол жылдары жарык көргөн тасмалардын ээлерине тапшырылган. Жылына бир жолу дүйнөдөгү эң мыкты фильмдерге сыйлык тапшыруу тууралуу алгачкы долбоор 1927-жылы май айында пайда болгон. Идея ошол кездеги эң престиждүү "Метро-Голдвин-Мейер" киностудиясынын президенти Луис Мейерге таандык. Ал жыл сайын мыкты фильмдерди эл берген добуштардын жардамы менен тандоонун системин иштеп чыккан. Ошол эле убакта скульптор Жорж Стэнли сыйлыктын символун – “Оскар” статуэткаларын куюп баштаган.
Сыйлык "Оскар" деген атына 1931-жылы гана ээ болгон. Америкалык кинематография маданияты жана илимдери академиясынын китепканасында иштеген (кийин аталган академиянын мүдүрү болуп дайындалган) Маргарет Херрик статуэтканы көрүп, “менин Оскар таякеме куюп койгондой окшош экен” деген. Ошондон улам сыйлык “Оскар”, эл арасында болсо “Оскар таяке” деп аталып калган. Түрмөктөлгөн плёнканын үстүндө турган шер жоокердин колунда узун кылыч бар. “Оскардын” бою 34 сантиметр, салмагы 3,8 килограмм. Дайыма алтын жана күмүштөн куюлган “Оскарды” Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда гана баалуу металлдын жетишпегенинен улам колодон куюуга туура келген.

* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы америкалык ырчы, ырлардын автору, продюсер, бийчи жана актриса
Жанет Жексон АКШнын Индиана штатындагы Гэри шаарында туулуп, Лос-Анжелесте чоңойгон. Жанет Жексон легендага айланган Жексондор үй-бүлөсүнүн эң кенжеси болгон. Ал сахнага 7 жашынан тартып чыга баштап, 1976-жылы "The Jacksons" сериалына тартылган. Ал эми 1982-жылы ырчынын эң алгачкы "Жанет Жексон" аталышындагы алггачкы альбому чыккан.