Бүгүн, 16-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Энелер күнүнө арналган концерт кыргыз эстрада жылдыздарынын ырлары менен башталды. Сахна көшөгөсүн биринчилерден болуп ырчы мырза Иса Өмүркулов “Кыргызстан” аттуу ыры менен ачты. Ал эми салтанаттуу кечени Нурсултан Майназаров жана Назира Кадыева алып барышууда. Ошондой эле Минюра Рахимжанова, Акыл Караман, Юлия Руцкая, Айбек Замирбеков, Айгүл Чалова, Назгүл Токтакунова өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми концерттин экинчи бөлүгүн Орусиядан келген коноктордун бири Жасмин ачты.
Учурда “Ала-Тоо” аянтында бир канча миң адам чогулуп, жамгырдын жаап жатканына карабай орусиялык ырчылардын өнөрлөрүнө күбө болушууда.
Айта кетсек, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин Бишкекке келишкен.