Бүгүн, 16-майда Бишкекте IV “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгы 12 номинация боюнча жеңүүчүлөргө ыйгарылды. Бир апта мурун бул сыйлыкка үчтөн талапкерлердин тизмеси жарыяланган. Бул күнкү иш-чарада режисcёр Эрнест Абдыжапаров Айнура аттуу окуучусу менен биргеликте алып баруучулук милдетти аркалады.
Көрсөтүлгөн 12 номинациянын 9унда “Курманжан датка” тасмасындагы эмгектер биринчиликти багындырды. Ошондой эле жыл ичиндеги мыкты эмгектердин катарына “Көч” жана “Аку” тасмаларын кошууга болот, себеби бул тасмалар көптөгөн сыйлыктарда “Курманжан датка” тасмасына атаандаштык түзүштү.
"Курманжан датка" тасмасынын жаратуучулары "Мыкты тасма", "Мыкты режиcсёр", "Мыкты сценарий", "Мыкты оператор", "Мыкты композитор", "Мыкты үн режиcсёру", "Мыкты монтаж", "Мыкты мырза ролу", "Мыкты айым ролу" наамдары боюнча жеңүүчү аталышты. Ал эми "Мыкты кыска метраждуу тасма" наамын Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" тасмасы утуп алды. "Мыкты даректүү тасма" наамына Аманбек Ажымат "Физрук, алтын жана дарыя" тасмасы үчүн ээ болду. "Мыкты сүрөтчү" наамын "Аку" анимациялык тасмасынын жаратуучусу Төлгөбек Койчуманов багындырды.
Буга улай Сагынбек Ишеновго “Кыргыз кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн”, Али Хамраевге “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” деген сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле казак режиссёру Адильхан Ержановдун “Хозяева” тасмасы “Борбордук Азиянын мыкты тасмасы” наамы боюнча жеңүүчү аталды.