Бүгүн, 17-майда кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлү
Өктөм Сапар уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жеке концертин берди. Алгачкы концертин өткөрүп жаткан ырчыдан толкундануу сезимдери байкалып турду. Мыкты жасалгаланган сахнанын арткы бөлүгүндө бэк-вокалчылар (сахнадагы негизги вокалды кубаттап, коштоп туруучулар), профессионал музыканттар орун алышкан.
Алып баруучулар Чыңгыз Мырзаев менен Жанна Усубалиева кезек-кезеги менен кыргыз жана казак эстрада жылдыздарынын атын атап, сахнага чакырып жатышты. Конок катары ырдаган ырчылардын катарында казак ырчысы, "Жылама, жаным" аттуу ырдын аткаруучусу Гадилбек Жанай, Сайкал Садыбакасова, Нурлан Насип, Алтынай Нарбаева, Роза Шакирова, Замир Мырза жана бир катар жаш ырчылар болушту. Ал эми Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Мирлан Баеков, Данияр Эрматов сыяктуу ырчылар жана клипмейкер Эрнист Сыдыков көрүүчүлөрдүн катарынан орун алышты.
Концерттин өзгөчөлүгү 17-май - Энелер күнүнө карата уюшулганында болду. Ырчылар жеке концертин берип жаткан күндүн каарманын жана залдагы энелерди удаасы менен куттуктап жатышты. Ырчы залда отурган сүйүктүү апасына жакшы сөздөрдү арнап, гүл берди. Жеке концертин берип жаткан уулун карап туруп эне кармана албай көзүнө жаш алды. Мунун баары күйөрмандардын сүрөөнү астында орун алды.