Бишкекте «Беш акын» долбоорунун алгачкы адабий-музыкалык кечеси өттү

Бишкекте түрк тилдүү калктардын маданияты боюнча Эл аралык "Түрксой" уюму, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу биргелешип уюштурган «Беш акын» долбоорунун алгачкы адабий-музыкалык кечеси өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда уюштуруучулар билдиришти. 

Маалым болгондой, «Беш акын» долбоорунун алгачкы адабий-музыкалуу кечесинде 60-70 жашты аркалап калган Кыргыз Эл акындары Асан Жакшылыков, Анатай Өмүрканов, КРнын Маданиятка эмгек сиңирген ишмерлери Меңди Мамазаирова, Өмүрбек Дөлөев, Нурпаис Жаркынбай күч сынашты. 

"Жарыша жаңы ырлар окулуп, акындар түрдүү суроолорго жооп берип, алардын ырларына жазылган музыкалык чыгармалар жаңырды. 

Акбар Рыскулов, Омор Султанов, Кадыркул Даутов, Майрамкан Абылкасымова, Омор Сооронов, Түгөлбай Казаков, Төлөгөн Мамеев курамына кирген калыстар тобу жарышка түшкөн беш акындын ичинен Анатай Өмүркановду жеңүүчү деп тапты.

Кече соңунда «Беш акын» теледолбоорунун эстафетасы 50-60 жаш ортосундагы беш акын - Маркабай Ааматов, Тынчтыкбек Нурмамбетов, Бактыгүл Чотурова, Кыялбек Урманбетов жана Карбалас Бакировдорго тапшырылды. Алар күч сынашчу кече 28-май күнү өтөт. 

Айта кетсек, «Беш акын» долбоору үч тараптуу келишимдин негизинде башталды. Жобого ылайык, үстүбүздөгү жылы беш жолу «Беш акын» аттуу адабий-музыкалуу кече уюштурулат. Ар бир кечеге бештен акын катышып, бирден акын атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан жеңүүчү деп табылат. Жыйынтык кечеде жеңүүчүлөр түрк тилдүү калктардын маданияты боюнча эл аралык уюмдун атайын  сыйлыктары менен сыйланышат",- делет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан