“Учур” мамлекеттик жаштар театры түрк элдеринин 12-ирет өткөрүлүп жаткан эл аралык фестивалына катышат. "Науруз-2015" деп аталган театралдык фестиваль 1-6-июнь аралыгында Татарстандын борбору Казань шаарында орун алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган театрдын көркөм жетекчиси Шаршен Шейшенов билдирди.
Анын айтымында, "Учур" театры 2 жылда бир өткөрүлүүчү бул фестивалга 4-ирет чакыруу алды. "Бул фестивалга түрк тилдүү элдердин ири театрлары катышат. Анда биздин театрда чогулган чыгармачыл топ Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде жазылган "Кыямат" спектакли менен сахнага чыгат",- дейт