Ырчы Гүлнур Сатылганованын Ош шаарындагы жеке концертинин биринчи күнү жогорку деңгээлде өттү

Ырчы Гүлнур Сатылганова Ош шаарындагы Ош улуттук драма театрында 5 күндүк концерт коюп жатат. Кечээ, 25-майда башталган концерт 29-майда жыйынтыкталат. Ырчы SUPER.KG порталына концерттин биринчи күнү ийгиликтүү өткөнүн билдирди. 
"Негизи, бир канча күнгө созулган концерт бергенде башталышы гана кыйын болот. Биз Ош шаарына 30-35 кишиден турган чыгармачыл топ менен келдик. Алардын катарында профессионал музыканттар, бийчилер бар. Концерттин өзгөчөлүгү жандуу өтүп жатканында болду",- дейт ырчы айым. 
Г.Сатылганова Ош шаарында жеке концертин акыркы жолу 2007-жылы бергенин айтат. "Концертке келгендер жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү болушту. Улуу муундун кызыкчылыгын эске алып, эски ырларды көбүрөөк аткарганга аракет кылдым. Элдин аң-сезими өсүп, барган сайын чыгармачылыкка талап өсүп жатат. Оштогу күйөрмандар аябай жакшы кабыл алышты",- дейт ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AFRODITA-89
2015-05-26 14:04:46
мурун ырчылар бир эле же ашып барса эки кун концерт берчуу эле Самарадан кийин модага айланды окшойт коп кун концерт, Демек Самаранын баштаганы ырчыларды озгортот экенда эми
-9
dina_08_80
2015-05-26 14:57:49
Аябай сонун ырдайт,ырлары баары жакшы,чыгармачылык ийгилик,мындан ары да талыкпай эмгектене бериниз!!!
+11
ayaza
2015-05-26 15:32:48
мага уну деле,ырлары деле жакпайт,акыркы интервьюсунда да жакпай калды озун ото эле бийик сезет экен,бир гана Бейшекеевдин;ооруду журок"деген ырын эле жактырып уккам
-8
baba.
2015-05-26 17:22:48
Жакшы 8 жылда бир концерт берип жатса.Эл сагынып ырын угат.Барктуу болот.Чыгармачылык иийгилик колдосун сизди.Талантынызга таазим кылам!!!
+1
damir11
2015-05-27 15:10:23
Гулнур Сатылганова баардык муунга бирдей жагат.ырлар ото маанилуу.ошол учун беш кун концерт берет да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан