Кыргыз жылдыздары Малайзияга чакырылышты

Буга чейин кыргыз журналисттеринен жана маданият өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл топ Малайзияга барарын жазган элек. Убакыт өтүп, иш-чара тууралуу кененирээк маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Иш-чараны уюштуруу иштери менен алектенип жаткан "Ала-Тоо" уюмунун активисти Сагындык Балтабаев бүгүн, 26-майда SUPER.KG`ге маек курду. Ал Малайзияга кимдер жана алар кандай максатта бара жатканы тууралуу толук айтып берди.
- Сагындык мырза, бул иш-чаранын негизги максаты тууралуу айтып берсеңиз... 
- Иш-чаранын негизги максаты - эки элдин жакындашуусуна жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген Малайзиянын тажрыйбасын жакындан көрүп-билүүгө шарт түзүү. Чакырылган журналисттер Малайзиянын массалык маалымат каражаттарынын иштөө өзгөчөлүгү, туризм жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери тууралуу тийиштүү мекемелерге барышып, жакындан маалымат алышат. Мындан сырткары кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары да Малайзиядагы мекендештерге өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы.
- Малайзияга кыргыз жеринен баруучу топ такталдыбы, такталса алар кимдер?  
- Ооба, такталды. Айтып кеткендей, кыргыз мамлекетиндеги бир нече ири массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү жылдыздар Гүлнур Сатылганова менен Гүлжигит Калыков, “тамашоучулар” Самат Эркинбеков, Эмил Эсеналиевдер барышат. Биздин уюм иш-чараны уюштурууга гана жардам бергени болбосо, негизги жүк Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинде. Элчи Кылычбек Султанов бул иш-чарага кетүүчү чыгымдарды, каражат маселесин өзүнө алган.     
- Каражат деп калдыңыз, алыскы Малайзияга бир канча кишини алып барып, алып келүү оңойго турбаса керек? 
- Ооба, албетте. Биз мындан да көп жылдыздарды чакырууга кызыкдар элек. Каражаттын тартыштыгынан улам чектелүүгө туура келди. Мисалы, ар бир кишиге жатакана, тамак-аш үчүн орточо эсеп менен 2500 доллар сарпталат. Учурдан пайдаланып айта кетейин, эгерде ушул топ менен Малайзияга барууну кайсы бир белгилүү ырчы кааласа, учак билети эки тарапка 1000 доллардын айланасында. Ошол каражатты төлөп барса болот. Калган жатакана, тамак-ашка кетчү чыгымдарды биз өз моюнубузга алабыз. 
- Жакшы экен, каалоочулар силер менен кантип байланыша алышат? 
- Биз сиздердин портал менен (ред. SUPER.KG) иштешип жатпайбызбы. Ошондуктан Малайзияга барууну каалаган ырчылар болсо, сиздерге кайрылганы туура болот го. Биз сиздер менен байланышып, маал-маалы менен кабар алып турабыз да.
- Маегиңизге рахмат!  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Maripa
2015-05-26 14:54:21
Жакшы жанылык экен. Мен дагы баргым келип жатат. Ырчы эмес инсандар дагы барса болобу? Мисалы эс алып, ал жакты коруп келгени?
+1
bazarkyl
2015-05-26 15:28:14
болот. 1000 доллардын жогун карачы . жакшы сунуш экен.
0
AFRODITA-89
2015-05-26 15:28:29
оой мен да баргым келип кеттиго канча кун экен ошол топ менен жардамчы катары барсак болобу билеттин акчасын толоп, алар ал жактагыларын которсо
0
Jamelia
2015-05-27 10:02:57
Ашка жук башка болосун дешсе керек бул мидааристер
0
doni89
2015-05-27 10:10:25
Билеттин акчасын төлөп биз менен барса болот бирок ырчылар деп жататго а жөнөкөй ырчы адамдарды кошпосо керек)))) Ашка балее көчкө жүк болот деп)))
0
suiuktuujar
2015-05-27 13:43:44
Жакшы жанылык жакшы барып келишсин.
+1
Suluu.kyz95
2015-05-28 00:17:49
Мыкты адамдарды тандаптыр чынын айтканда, Гулнур Сатылганова менен Гулжигит Калыков.
0
jon.as
2015-05-28 09:26:40
Молотцы! Аман эсен барып келишсин. Чыгармачылык ийгилик каалайм!
0
Mariyana
2015-05-28 09:54:08
таланттуу, татыктууларды тандаптыр....аман эсен барып келишсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан