8-13-июнь аралыгында кыргыз жергесинде Тажикстандын маданият күндөрү өткөрүлөт. Анда бир катар маданий иш-чаралар уюшулуп, тажик элинин салттары, маданияты жана искусствосу көрсөтүлөт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, саамалыктын ачылышы 8-июнда Улуттук филармонияда орун алат. 9-14-июнь күндөрү Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде тажик сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлат. Ал эми тажик кинолорун көрсөтүү 10-июнда Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө болору пландалды.