Футбол боюнча улуттук курама Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 24 орун артка жылды. Рейтинг бүгүн, 4-июнда жарыяланганын уюмдун расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы бул рейтингде 209 кураманын ичинен 177-орунду ээлеп калды. Буга курама команданын 6 ай бою расмий оюн өткөрбөгөнү түздөн-түз таасир этти (акыркы оюнду 2014-жылы декабрь айында ойногон). Мартта болсо Ооганстан менен жолдоштук оюн аба ырайына жана башка себептерге байланыштуу болбой калган. Май айында курамабыз рейтингде 153-орунду ээлеген.
Дүйнөлүк рейтингдин алдынкы сабындагы 10 команда төмөнкүлөр:
1. Германия
2. Бельгия
3. Аргентина
4. Колумбия
5. Бразилия
6. Голландия
7. Португалия
8. Уругвай
9. Франция
10. Испания