Футбол боюнча улуттук курам 31-мартта Ооганстан курамасы менен ойнобой калды. Бул расмий жолдоштук беттештин орун албай калышына Ооганстан тараптын Ошко баруудан баш тартканы себеп болду. Бирок Эл аралык футбол федерациясы апрелдеги рейтингин жарыялоодо кыргыз футболчуларына 3:0 эсебиндеги жеңишти жазып, кыргыз өлкөсүнүн курамасына упай бериши мүмкүн. Мындай пикирди КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү кабарлашты.
Албетте, көптөгөн күйөрмандар Ооганстан менен оюн болбой калган соң окуянын андан ары өнүгүшүнө кызыгышууда. “Бул расмий жолдоштук беттеш болчу. Ооган тарап каршы болгонун жазып, федерация тараптан кабарланса, Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) муну эске алат. Анткени ооганстандыктар каршы болгонуна карабай, кыргыз футболчулары майданга чыгышты. Эреже боюнча, мындай учурда ФИФА баарын тыкыр иликтеп чыгат”,- деди федерациянын өкүлү.
Кошумчалай кетсек, ФИФАнын рейтинги 9-апрелде чыгат.